Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси алмашты

Марат Пирназаров

Кыргызстандын Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Марат Пирназаров дайындалды. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-майда кол койду.

Пирназаров буга чейин аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Буга чейин аталган кызматта Улан Сарбанов иштеп келген. Ал Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жетекчи болуп банктын директорлор кеңешинин 18-апрелдеги жыйынында бекитилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Молдованын соту Марина Тауберди 20 суткага үй камагына чыгардыПутиндин басма сөз кызматы Кремлге сокку уруу аракети болгонун билдирди Журналистке күч колдонулган окуя боюнча жолугушуу өттүУкраинанын президенти Владимир Зеленский Финляндияга бардыТаластагы окуя: агрессия, артка кетүү, алсыз мыйзам