Украинанын Херсон шаарында иштеп жаткан жалгыз гипермаркетке урулган соккуда үч киши каза болуп, бешөө жарадар болду. Бул тууралуу 3-майда Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди. Расмий маалыматка ылайык, каза болгондор жана жабыркагандар дүкөндүн кардарлары жана ошол жерде иштеген кишилер.
Сокку урулган "Эпицентр" гипермаркети Днепр дарыясына жакын жайгашкан. Азыр Днепрдин бою фронт линиясы деп саналат.
Украина бийлиги Херсондо 5-майдын кечинен 8-майдын таңына чейин 58 саат комменданттык саат жарыялады. Херсон администрациясынын башчысы Александр Прокудин бул укук коргоо органдарынын ишинде жардам берүү максатындагы чечим экенин билдирди.
Украина Херсон шаарын жана Херсон облусунун Днепр дарыясындагы оң жээк бөлүгүн былтыр ноябрда орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери орустар облустун борборун жана башка калктуу аймактарды такай аткылап келет.
Видео жана сүрөттөр бышыктап турганына карабай, Орусия карапайым калк жашаган жерлерге сокку урганын четке кагат.
Дагы караңыз
Автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүктөр айып пул төлөшөтБелградда мектептеги куралдуу кол салууда бери дегенде он киши каза болдуӨзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору колдоо тапты