Кулубаев: Кытай менен визасыз режим маселеси тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө

Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ал 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында 27-апрелде Кытайдын тышкы иштер министри менен Сиань шаарында жолугушканын, бул маселе ошол жерде сүйлөшүлгөнүн айтты.

“Анда биздин жүк ташуучу айдоочуларга, жарандарга виза берүү маселесин сүйлөштүк. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визадан бошотуу боюнча да сөз болду. Эми иш өзүбүз тараптан болот. Биз кандай сунуш киргизебиз, коопсуздук жана башка маселе боюнча биздин мекемелер кандай сунуш берет, ошого карайбыз. Жалпысынан Кытай тарап сүйлөшүүгө даяр”, - деди Кулубаев.

Быйыл мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жыл башынан бери кыргызстандык 1,4 миң айдоочуга виза берилгенин билдирген. Элчи Кытай чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына виза берүүдөгү чектөөлөрдү алганын, мындан улам виза алуу үчүн суроо-талап жогорулаганын айткан.

Апрелде Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн "Казакстан жана Кытайдын ортосундагы виза талаптарынан бошотуу жөнүндөгү келишимге кол коюу" тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Келишимге 18-19-майда президент Касым-Жомарт Токаев Бээжинге мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлары пландалууда.

Казакстанда буга нааразы болгондор акцияга чыгышкан.

Дагы караңыз

Орусиянын Брянск облусунда эки күн катары темир жолдо жарылуу болдуМадумаров: Кыргызстанда өз пикирин айтууга тыюу салуу аракети жүрүп жататИзраил түрмөсүндө ачкачылык жарыялаган Кадер Аднан каза болду"Керемет Банк" иши: Дагы эки мурдагы жетекчиге өкүм чыкты