Орусиянын Брянск облусунда эки күн катары темир жолдо жарылуу болду

Орусиянын Брянск облусунда эки күндүн ичинде экинчи жолу темир жолдо жарылуу болду. Аймактын башчысы Александр Богомаз 2-майда "Снежетьская" станциясынын аймагында белгисиз зат жарылганын" билдирди. Жабыркагандар жок.

Орус темир жолу ишканасы бир локомотив жана 20дай жүк вагону рельстен чыгып кеткенин кабарлады. Снежетьская-Белые Берега тилкесинде кыймыл убактылуу токтотулду.

Baza Телеграм каналы оодарылып кеткен вагондордон күкүрт жана селитра төгүлгөнүн маалымдады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төгүлгөн заттарды муздатууга аракет көрүүдө. Baza каналы темир жолдо бир убакта үч жардыруу болгонун кабарлады.

Украина менен чектеш Брянск облусунда бир күн мурдагы жарылуунун натыйжасында мунай ташыган жүк ташуучу поезд рельстен чыгып кеткен.

3-майда орусиялык Телеграм каналдар Брянск облусундагы аэродром дрон чабуулуна туш болгонун жазышты. Бышыктала элек кабарларга караганда, беш жолку чабуулдун экөө бутага жеткен болушу ыктымал. Соккудан Ан-124 "Руслан" жүк ташуучу учагына зыян тийгени айтылды. Маалымат расмий тастыктала элек.

Дагы караңыз

"Керемет Банк" иши: Дагы эки мурдагы жетекчиге өкүм чыктыЫсык-Көлдө тарыхый буюмдар чогултулган музей ашар жолу менен курулдуКыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 50 сап артка кетти