Литвада коомдук мейкиндиктерди десоветизациялоо жөнүндө мыйзам 1-майда күчүнө кирди.
Документке ылайык, авторитардык жана тоталитардык режимдерди, алардын идеологиясын үгүттөгөн эстеликтер алынып, мемориалдык объектилердин жана көчөлөрдүн аталыштары жоюлат.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, объектилерди пропаганда катары таанууну Литвадагы геноцид жана каршылык көрсөтүүнү изилдөө борбору менен муниципалдык мекемелер ишке ашырат. Парламент бул маселенин үстүнөн иштей турган мекемелер аралык комиссия да түзөт.
Депутат Пауле Кузьмицкене мыйзамдын аткарылышы үчүн коомдук талкуу маанилүү экенин айтты.
Прибалтика өлкөлөрү совет доорун айыптаган ырааттуу саясатты жүргүзөт. Литва, Латвия жана Эстония СССРдин курамында болгон мезгилди оккупация катары карайт. Совет доорундагы көптөгөн эстеликтер акыркы жылдары бузулуп же башка жакка көчүрулдү.
Дагы караңыз
Өзбекстанда туристтик агенттер аркылуу ажылыкка баргандарга айып пул салынатКемпир-Абад иши: Акыл Айтбаев менен Илгиз Шаменовдун камактагы мөөнөтү узарды Зеленскийдин кеңсесинин өкүлү Киев Рим папасынын демилгесинен кабарсыз экенин айтты Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери чек ара маселесин талкуулашты