Казакстандын Жетибай кениндеги жарылууда киши өмүрү кыйылды

Окуя болгон аймакта мурда тартылган сүрөт.

Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жетибай кениндеги скважина жарылып, бир жумушу набыт кетти.

"Маңгыстаумунайгаз" компаниясы билдиргендей, окуя 29-апрелде болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, “Жетибаймунайгаз” өндүрүш башкармалыгында “Великая Стена” компаниясы монтаж иштерин жүргүзүп жатканда жарылуу болгон.

Каза болгон жумушчу электрогаз ширетүүчү болуп иштеген жергиликтүү тургун. Дагы бир кытайлык жаран башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Компания окуяны “кокустук” деп атады. Полиция тергөө башталганын жарыялады.

Мунай өндүрүүчү Маңгыстау облусунда жумушчулар эмгек шарттарын жакшыртууну жана коопсуздукту талап кылып, буга чейин көп жолу иш таштап, нааразылык билдиришкен.

Дагы караңыз

Караколдо “каржы пирамидасына” алданган 30-40 адам милицияга кайрылды"Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу боюнча сунушу четке кагылдыHRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери “согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн” Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров каза болду