Пакистан армиясы Ооганстан менен чектеш жерде жоочуларды колго түшүрдү

Пакистан армиясынын жоокерлери.

Пакистан армиясы Мирамша шаарында 1-май күнкү операцияда бир согушкер жок кылынып, жетөө колго түшкөнүн билдирди. Аталган калаа Түндүк Вазиристан провинциясында жайгашкан.

Армиянын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлагандай, коопсуздук күчтөрү жашыруун маалыматтарга таянып, "Техрик-и-Талибан" тобунун Ооганстан менен чектеш жердеги турумдарына рейд жүргүздү.

“Техрик-и Талибан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келишет.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы чогуу согушуу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуу.

Акыркы учурларда Пакистандагы чабуулдарын күчөткөн аталган топ армиянын акыркы рейди жөнүндө комментарий бере элек.

Дагы караңыз

"Эл мыйзамга ишенбейт". Өз алдынча жазалоо эмнеге кооптуу?Зеленскийдин кеңсесинин өкүлү Киев Рим папасынын демилгесинен кабарсыз экенин айтты “Кара-Балта спирт заводунун” мурдагы жумушчулары менен соту улануудаHRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери “согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн”