Кыргызстанда бүгүн 2-майда салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү жыйынтыкталууда. Салык органдары декларацияны түнкү 12ге чейин кабыл алышат.
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) бул жолу дем алышка (жекшемби) туш келгени, ал эми 1-май майрам күн болгону үчүн мөөнөт эки күнгө узартылган.
Мекеме салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек экенин эскерткен. Алар:
- жеке ишкерлер (анын ичинде патент менен иштегендер);
- менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар адамдар;
- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
- илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган адамдар.
Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми катардагы жарандар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.
Мыйзам боюнча салык декларациясын кабыл алуу мөөнөтү Кыргызстанда 30-апрелде аяктайт, андан өтүп кетсе айыппул салынат. (RK)
Дагы караңыз
Кордойду жердеген кыргыздарКазакстан менен Кытай БУУнун Орусияны сындаган резолюциясын колдодуОрусияда 1-майдагы акцияларда бир канча киши кармалдыАлматыда Кытай менен визасыз режимге каршы чыккандар кармалды