"Вагнердин" башчысы Бахмуттан жоочуларын чыгарып кетерин эскертти

“Вагнер” менчик аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин.

Орусиядагы “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин эгер курал-жарак менен жабдуу маселеси чечилбесе өзүнүн жоочуларын Украинанын Бахмут шаарынан чыгарып кетерин айтып коркутту.

29-апрелде жарыяланган интервьюсунда Пригожин жакын арада жетиштүү көлөмдөгү курал-жабдык жеткирилбесе, "айрым бөлүктөрүн" Бахмуттан чыгарууга мажбур болорун айткан. Жеке менчик компаниянын жетекчиси буга чейин да бир нече жолу ок-дарынын жетишсиздигин айтып, ал үчүн Москвадагы генералдарды күнөөлөгөн.

Донецк облусундагы дөңсөлөрдө жайгашкан Бахмут шаары 10 айга чукул майдандын очогуна айланып, жаатташкан эки тарап тең чоң жоготууларга учурады.

23-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттун батыш бөлүгүндөгү эки районду басып алганын билдирген. Ал эми Пригожин "вагнерчилер" шаарды дээрлик толугу менен көзөмөлгө аларын утур-утур айтып келет. Бирок жогорудагы маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский Умандагы көп кабат үйгө тийген орустардын ракетадан сокку урулгандан кийин Батыштагы өнөктөштөрүнөн заманбап абадан коргонуу системасын берүүнү суранды.

BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 21 миң 700 жоокердин тек-жайын тактады. Алардын 3041и элиталык бөлүктөрдүн аскерлери.

Журналисттер согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп адам болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: абактагылардын бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралатКытайлык гроссмейстер Дин Лижэн - шахмат боюнча дүйнө чемпионуУкраина: Орусиянын ракета чабуулунан бир адам набыт болдуЖалал-Абад шаарында көкбөрү боюнча республикалык мелдеш башталды2-майдын аба ырайыОшто кармалган бажычылардын арасында депутат Нарматованын уулу бар экени кабарландыПрезидент Жапаров Эмгек майрамы менен куттуктады