Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады.
Президенттин сайтына жарыяланган куттуктоодо "1-май Кыргызстанда салттуу элдик майрамга айланганын, кыргыздар эзелтен эле жакшы жашоого адал эмгек, талыкпаган мээнет менен гана жетүүгө болорун белгилеп келишкени" айтылат.
“Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн күч-аракетин, билимин, тажрыйбасын аябай, түз ниети менен иштеп келе жаткан чыныгы кесипкөйлөр менен эмгек жамааттары сый-урматка татыктуу. Анткени өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз алардан өрнөк алып, мекенчилдик сезимге тунуп, эмгекти сүйүүсү, билимге умтулуусу аркылуу эгемендүү мамлекетибиздин келечегин түзүүчүлөргө айланат”.
1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү жүзгө чукул өлкөдө белгиленет. Казакстанда бул күн Улуттар аралык биримдик күнү катары кабыл алынган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2022-жылы жумушсуздуктун деңгээли 5,3% түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,7% төмөндөгөн. Ушул тапта 142 миңден ашык адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган.
Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу былтыр жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. (ZKo)
Дагы караңыз
Украинадагы согушка каршы чыккан актер Орусиядан чыгып кетти Башкы прокуратура Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирди Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды Кытайлык гроссмейстер Дин Лижэн - шахмат боюнча дүйнө чемпиону"Мектепке кеткен бойдон кайткан жок". Жети жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды