Украинадагы согушка каршы чыккан актер Орусиядан чыгып кетти

Актер Артур Шуваловдун каршылык акциясы. Ал согушка каршылыгын билдирип, сахнада кан тамырын кесип жатат. Март, 2023-жыл.

Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарындагы орус драма театрынын артисти Артур Шувалов Орусиядан чыгып кетти. Бул тууралуу "Сибирь.Реалии" Телеграм каналына жазды.

Маалыматта айтылгандай, актердун мындай кадамына бийликтин психикалык ооруканага жаткыруу аракети себеп болгон. Шувалов өлкөдөн кандай жол менен чыгып кеткени ачык айтылган эмес.


Артур Шувалов Орусиянын Украинага баскынчылыгын ачык сындап чыккан. Ал согуштан жарадар болгон орус аскерлеринин алдында сахнага чыгуудан баш тарткан. Ошондой эле өзү иштеген театрдан аскердик атайын операциянын энбелгиси болгон Z тамгасы жазылган желекти алып салган.

Быйыл мартта актер театр сахнасынан согушка каршылыгын билдирип, колунун кан тамырын кескен. Ал жетекчилик тарабынан басым болуп жатканын билдирген.

Орусия Украинага былтыр, 24-февралда кол салган. Орус бийлигинин бул кадамын сынга алган айрым маданият кызматкерлери өлкөдөн чыгып кетишкен.

Дагы караңыз

Башкы прокуратура Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирди Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды Кытайлык гроссмейстер Дин Лижэн - шахмат боюнча дүйнө чемпиону"Мектепке кеткен бойдон кайткан жок". Жети жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды