Орусия Эл аралык олимпиада комитетинин сунушун "басмырлоочу" деп мүнөздөдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык олимпиада комитетинин Орусиянын жана Беларустун спортчуларына эл аралык мелдештерге нейтралдуу макамда кайтуу тууралуу сунушун Орусия “чектен өткөн жана басмырлоочу” деп мүнөздөдү. Бул тууралуу 30-апрелде Орусиянын олимпиада комитети билдирди.

Орусия былтыр февралда Украинага кол салган окуядан кийин эл аралык комитет аталган эки өлкөнүн спортчуларына санкция жарыялаган. Өткөн айда алар нейтралдуу макамда катыша берсе болору жөнүндө сунуш айтылган.

Нейтралдуу макам деген алар мелдештерге катыша алышат, бирок өз өлкөсүнүн мамлекеттик туусун жана гимнин көтөрүп чыга алышпайт дегенди түшүндүрөт.

Эл аралык олимпиада комитети 2024-жылдагы оюндарга Орусиянын жана Беларустун спортчулары боюнча өзүнчө чечим чыгарып, жарыялашы керек. Украина эгер ал оюндарга Орусия катышса бойкот жарыялай турганын билдирген.

Европанын айрым өлкөлөрү Орусияны жана Беларусту нейтралдуу макам менен да эч качан катыштырбоону талап кылышкан. (RK)

Дагы караңыз

Милиция Таласта мал базарда уурулукка шектелген адамды мамыга таңган окуя боюнча маалымат берди Урматбек Самаев прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылдыОш: 3,6 миллион сомду карактап кеткендер изделүүдөКыргыз-өзбек-тажик чек ара кесилишин аныктоо маселеси талкууланды