1-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23…28;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 25…27 градус болот.
Дагы караңыз
Молдовадагы тополоң, Судандагы жаңжал: "Вагнердин" изиКыргыз-өзбек-тажик чек ара кесилишин аныктоо маселеси талкууландыМилиция Таласта мал базарда уурулукка шектелген адамды мамыга таңган окуя боюнча маалымат берди Абдукадырдын үй-бүлөсү Борбор Азияда коррупциядан байлык топтоп, глобалдык бизнес империя курду