Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосундагы чек ара маселеси 25-29-апрель күндөрү талкууланганын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин 30-апрелдеги маалыматына караганда, жолугушуу Баткен шаарында өттү, ага үч өлкөнүн өкмөттүк делегациялары катышты.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишин аныктоо маселеси боюнча пикир алышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү мамиледе өттү”, - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.
Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтмөй болду.
Үч өлкө орток чек арага ээ. Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара тилкеси 970 чакырымды түзөт, анын 519у такталган. Ал эми Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөнүн президент Садыр Жапаров быйыл январда өзбек жетекчиси Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенде айткан. (RK)
Дагы караңыз
Молдовадагы тополоң, Судандагы жаңжал: "Вагнердин" изиМилиция Таласта мал базарда уурулукка шектелген адамды мамыга таңган окуя боюнча маалымат берди Абдукадырдын үй-бүлөсү Борбор Азияда коррупциядан байлык топтоп, глобалдык бизнес империя курдуОш: 3,6 миллион сомду карактап кеткендер изделүүдө