Нарын: Мектептен келатып киши колдуу болгон кыз жерге берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында мектептен келатканда киши колдуу болгон жети жаштагы Арууке 29-апрелде жерге берилгенин “Азаттыкка” апасы билдирди. 34 жаштагы келиндин айтымында, ал үй-бүлөдөгү беш баланын үчүнчүсү болчу, мектепке даярдоо классына күзүндө кирген жана атасы ташып жүрүп, өз алдынча бара баштаганына бир жумадай эле болгон.

Мектепке чейинки жол бир сааттык экенин айткан келин окуя ээн эмес, эл жашаган жерде болгонун, кылмышка шектелип жаткан киши менен киришип-чыгышып жүргөн үй-бүлө болгондуктан кыз аны тааный турганын, эмнеден улам ушундай болуп кеткенине түшүнө албай жатышканын айтып берди.

Окуя 28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында болгонун жергиликтүү милиция 29-апрелде билдирген.

Кыз, ички иштер мекемеси маалымдагандай, мектептен чыккан бойдон үйүнө жетпей калган. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган, сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулган белгилер аныкталган.

Кылмышка ушул эле айылдын 64 жаштагы тургуну шектелүүдө, ал мас абалында кармалганы айтылды.

Айрым булактар шектүүнүн үй-бүлөсү түнүчүндө айылдан көчүп кеткенин айтып жатышат.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголду.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын былтыр мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Ал алсыз балага кордук көрсөткөндөрдү эч аёосуз жазалоо керектигин, ошондой оор кылмыштарды жашырып-жапкандар, айрыкча укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жообунан тышкары калбашы керек экенин белгилеген.

Мамкатчы келтирген маалыматка караганда, ошол жылдын биринчи жарымында эле бала зордук-зомбулукка кабылган 500 факты катталган, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болгон. (JEg)

Дагы караңыз

Аймакта жашыл энергетиканы жайылткандарЗеленский контрчабуул ийгиликтүү болорун айттыУрматбек Самаев прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылдыОш: 3,6 миллион сомду карактап кеткендер изделүүдө