Зеленский контрчабуул ийгиликтүү болорун айтты

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн бери айтылып келе жаткан контрчабуул ийгиликтүү болорун жана ал Орусия басып турган украин аймактарынын бошотулушуна алып келерин 29-апрелде чет элдик журналисттерге курган кезектеги маегинде айтты. Интервьюга Финляндия, Швеция, Дания жана Норвегия өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Зеленский ошону менен катар Украинаны тийиштүү курал-жарак менен жабдуу маселеси актуалдуу экенин белгилеп, “Мен качан жана кандайча болорун айтууга азыр даяр эмесмин. Ооба, көбү биздин өзүбүзгө жараша болот, бирок тигил же бул курал-жаракты жөнөтүүдө көп деталдар бар. Биз болушунча көбүрөөк адамдын өмүрүн сактап калгыбыз келет, ошондуктан чечүүчү ролду курал-жарак ойнойт”, - деп айтты.

Украин президенти эгер курал-жарак жетиштүү болбосо согуш ондогон жылдарга уланышы ыктымал экендигин белгиледи.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралына кол салган жана муну атайын аскердик операция деп атаган. (RK)

Дагы караңыз

Урматбек Самаев прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылдыОш: 3,6 миллион сомду карактап кеткендер изделүүдөДемократия баалуулуктары: Акыйкатчынын адам укуктарын коргоодогу ролу "Кемпир-Абад" иши: Чыңгыз Капаров ооруканадан чыкты