Коррупцияга шек саналып кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына чыкты. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 30-апрелде билдиргендей, мындай чечим ишемби күнү Октябрь райондук сотунда кабыл алынды, Самаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко прокуратура кайрылган.
Айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы жеке булактарына таянып, Самаев күнөөсүн моюнуна алганын, 25 миллион сом төлөп, иштен кетүү тууралуу арыз жазып бергенин кабарлап жатышат. Бул маалымат расмий тастыктала элек.
14-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупциянын айынан 130 миллион сомдук зыян аныкталганын билдиргенден көп өтпөй Самаев кармалган.
18-апрелде УКМК билдирүү таратып, Самаев "Токмок жылуулуктагы" туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар экени аныкталганын, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде иш козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлаган.
Шаардык кеңештин вице-спикери Бактияр Доконов Самаевдин эч кандай күнөөсү жок деп эсептей турганын “Азаттыкка” билдирип, “Бул иш 2020-жылдардан башталган деп жатат. Урматбек Обозбекович келгенине бир жыл сегиз ай эле болду”, - деп айткан.
37 жаштагы Самаев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов артында турганы айтылган “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышып, Токмок шаарында биринчи орунду алган. Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун бийликке келишин катуу колдогон депутаттардын бири болгон. Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы августта дайындалган. (RK/TSh)
Дагы караңыз
Таласта мал базарда болгон окуяны милиция териштире баштады“Желтоксан окуясы биздин көзүбүздү ачкан”Корккон утурлай муштайт, бирок...Абдукадырдын үй-бүлөсү Борбор Азияда коррупциядан байлык топтоп, глобалдык бизнес империя курду