Жогорку сот митингдерге тыюу салган чечимге каршы арызды четке какты

Бишкек. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 29-апрелде Кыргызстандын Жогорку соту адвокат Бактыбек Жумашевдин бийликтин Бишкекте митингдерге тыюу салган чечими боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты. Жактоочу Жогорку сотко буга чейин шаардык сот кабыл алган чечимге даттанып кайрылган, себеби аталган мекеме анын апелляциялык арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

“Тилекке каршы, бүгүнкү соттук коллегия бир да суроо бербей туруп кеңешүү бөлмөсүнө кетип калышты. 10-15 мүнөттөн кийин чыгып, менин кассациялык даттануумду канааттандыруусуз калтыруу чечимин жарыялашты. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул, албетте, акыркы чечим, бирок мен, албетте, эл аралык укук коргоо институттарына кайрылууга мажбур болом. Бул ишти аягына жеткириш керек. Президентке да кайрылыш керек болот, анткени бул мыйзамсыз чечим. Биздин укуктар тебеленип жатат”.

Быйыл 31-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту акимчиликтин райондун айрым жерлеринде митинг-пикет уюштурууга 30-июнга чейин тыюу салган чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Адвокат соттун бул чечими жөнүндө коомчулукка расмий жарыя берилбегенин, ал тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан 3-апрелде гана окуп калып, апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылганын, бирок аталган мекеме 14-апрелде аны четке кагып койгонун, эми Жогорку сот да ушундай эле чечим кабыл алганын айтууда. Жумашев соттор мөөнөттү калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамдарды бузганын белгилеп жатат.

Жогорку сот бүгүнкү чечими жана жактоочунун бүгүнкү билдирүүсүнө байланыштуу маалымат же комментарий бере элек.

Биринчи Май районунун аймагындагы президенттик администрациянын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин тегереги, Ала-Тоо аянты, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки тилкеси, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбак жана Иван Панфилов атындагы парктын жанында митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Украинанын, АКШнын элчиликтери жана улуттук филармония жайгашкан жерлер боюнча да тыюу салынганы кабарланган.

Акция өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага чогулса болот. (RK)

Дагы караңыз

Борбор калаа Бишкек 145 жылдыгын белгилөөдө "Мен Кыргызмын, келечекмин, максатмын". Ырга айланган Зайырбек Тажикстанда май куюучу жайдагы жарылуудан адам өмүрү кыйылдыТажик армиясындагы "чоңсунуу": Ворухта чек ара офицери кармалды