Дүйнөгө таанымал 128 маданият ишмери Навальныйды бошотууга чакырды

Дүйнөгө таанымал 128 маданият ишмери Орусиянын президенти Владимир Путинден оппозициячы Алексей Навальныйды бошотууну жана ага тез арада медициналык жардам көрсөтүүнү суранышты. Кайрылуунун орус тилиндеги тексти "Медуза" басылмасында чыкты.

Кол койгондордун арасында бийчи Михаил Барышников, жазуучу Жоан Роулинг, Нобелдин адабият сыйлыгынын лауреаттары Орхан Памук, Герта Мюллер, Ольга Токарчук, Светлана Алексиевич, Марио Варгас Льоса жана Жон Коетзи, сүрөтчү Арт Шпигельман, драматург Том Стоппард, актёр Жан Рено, "Манчестер Юнайтеддин" мурдагы футболчусу Эрик Кантона, режиссёр Жей Жей Абрамс, журналист Энн Эпплбаум жана башкалар бар.

Навальный 2021-жылдын башында Германияда дарыланып, Орусияга кайтып келгенден кийин кармалып, камакка алынган. Бир нече кылмыш иши менен айып тагылып, соттолгон. Эми экстремизмге байланыштуу айыпталган иш боюнча сот процессине даярдык жүрүүдө. Тергөө аны "террордук жамаат" түптөгөн деп айыптап жатат. Өзү муну саясий куугунтук деп эсептейт.

Навальныйдын тарапташтары да ал бийликтин ишин сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремль муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирүүдө.

Орус оппозициясынын камактагы лидери Алексей Навальныйдын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин анын маалымат катчысы Кира Ярмыш быйыл апрелдин ортосунда билдирген.

Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.

Дагы караңыз

Казакстанда сот генерал Серик Күдебаевди 10 жылга кестиТарыхтын бурмаланышы: эс тутумду ойготууОшто эл аралык Go Viral фестивалы өтүп жатат"Өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку". “Азаттык” боюнча билдирүүлөр