БШК: ЖКга Ленин округунан талапкерликке 49 адам арыз берди

Боршайком имараты.

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке катталуу үчүн арыз тапшыргандар 49 адам болду, соңку маалымат боюнча, алардын бешөө түрдүү себептерден улам арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн 28-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 49 адамдын 9у аялдар, 40ы эркектер.

Талапкер болууну каалагандар 30-апрелге чейин БШКга бардык документтерин тапшырууга тийиш.

Арыз тапшыргандар арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Равшан Жээнбеков, Руслан Бекназаров жана башкалар бар.

Аталган округ боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 27-апрелде аяктады.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо талапкер болууга арыз тапшыргандар 14 адам болгон. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров өткөн айда мушташка байланыштуу мандатын тапшырган. (RK)

Дагы караңыз

Баткенде мечиттерде чек ара жаңжалында курман болгондор эскерилдиИрак түрмөсүндөгү чет элдик аялдар ачкачылык жарыялаганын билдириштиБалыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушун жумушчу топ иликтейт Жапаров темир жол куруу долбоорунун негиздемеси даяр экенин айтты