"Вагнерчилер" Молдовадагы башаламандыктарды даярдоого катышканы тууралуу маалымат чыкты

Кишиневдо оппозициянын 12-марттагы акциясында тартылган сүрөт.

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун жоочулары быйыл февралда Молдовада башаламандыктарды пландоого катышкан. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин социалдык түйүнгө жарыяланып кеткен жашыруун маалыматында айтылат.

Былтыр ноябрда Орусиянын Молдовадагы кырдаалды туруксуздаштыруу планы тууралуу Украинанын чалгын кызматынын маалыматтарына таянуу менен The Washington Post гезити да жазган.

2023-жылдын 13-февралында Молдованын президенти Майя Санду республикада төңкөрүш жасоо аракети тууралуу билдирген. Укук коргоо органдары өлкөдө орусиячыл күчтөр башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жатканын эскерткен.

9-мартта оппозициянын Кишиневдогу митингинин алдында "Вагнердин" мүчөсү кармалган. Полиция анын "Вагнер" уюмунун символу бар татуировкасын, телефонунан табылган "вагнерчилердин" сүрөттөрүн жарыялаган.

"Свобода" радиосунун кабарчысы таанышкан документте айтылгандай, Москва өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу аракетин улантып келүүдө.

Дагы караңыз

Ирак түрмөсүндөгү чет элдик аялдар ачкачылык жарыялаганын билдириштиБалыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушун жумушчу топ иликтейт Жапаров темир жол куруу долбоорунун негиздемеси даяр экенин айтты