ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү "Азаттыкка" жана акыйкатчыга байланыштуу билдирүү таратты

Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү кыргыз сотунун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу чечимине тынчсыздануу билдиришти.

Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы, вице-төрагасы жана баяндамачысы Николоз Самхарадзе (Грузия), Фарах Карими (Нидерланд) жана Йохан Бюсер (Швеция) 27-апрелде билдирүү жасашты. Алар "Азаттыкты" жабуу - Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын эркиндигине чоң залакасын тийгизе турганын белгилешти.

ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу аракети болуп жатканын да белгилеп, буга өкүнүч билдиришти. Алар муну өкмөттүн омбудсмендин ишине бут тосуу катары баалады.

  • 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу соттун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу "чектен чыккан" чечимине каршы даттанарын бул эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди.

Министрликтин "Азаттык Медиага" каршы жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы былтыркы жаңжалды чагылдырууда "тажик журналисти эфирде бир тараптуу сүйлөдү" деген жүйө келтирилген.

  • Омбудсмендин маселесинде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент тууралуу комитети 27-апрелде кезексиз жыйынга чогулган. Анда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушун карап, аны көпчүлүк добуш менен жактырды. Эми бул маселе парламенттин кезектеги жалпы жыйынында каралып, добушка коюлат.

Бир апта мурун Абдрахматова Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы тууралуу баяндама жасаган. Айрым депутаттар анын баяндамасын токтотууну, суроо-жооп да кылбай, ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунуштап чыгышкан.

Акыйкатчы түрдүү каралоого кабылып жатканын сөз эркиндиги, жапырт камоолор боюнча оюн ачык айтып чыгып жатканына байланыштырып келет.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Кыргызстан айрым эл аралык конвенциялардан чыга турганын билдирдиРоссельхознадзордун өкүлдөрү лабораторияларды текшерүү үчүн Кыргызстанга келетЖапаров темир жол куруу долбоорунун негиздемеси даяр экенин айтты