Акылбек Жапаров Кыргызстан айрым эл аралык конвенциялардан чыга турганын билдирди

Акылбек Жапаров.

Кыргыз өкмөтү Үй-бүлөлүк кодекстин долбоорун даярдап жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Ал ошол кодекстин негизинде Кыргызстан айрым эл аралык конвенциялардан чыга турганын айтты.

“Буга чейин адам баласынын укугу, ал каалаганын кылат деп баарын кабыл ала берген экенбиз. Эми мындан ары болбойт. Кирген айрым конвенциялардан чыгалы деп жатабыз”.

Акылбек Жапаров кайсы конвенциялардан чыгуу боюнча сөз болгонун тактаган жок.

Кыргызстан Адам укугуна байланыштуу Эл аралык конвенцияларга мүчө. Министрлер кабинетинин сайтындагы маалымат боюнча өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун 40ка жакын ар кайсы тармактагы конвенцияларга кошулган.

Дагы караңыз

Сербия президенти ооруканага жатканы тууралуу маалыматты четке кактыКазакстанда активист Улболсын Турдиева 20 суткага камалдыТажикстан: мурдагы активист Собир Валиевге жаңы кылмыш иши козголдуПрокуратура "Ысык-Ата" санаториясында 13 млн. сом мыйзамсыз чыгарылганын билдирди