Улуттук банк банкноттордун жаңы үлгүлөрүн жарыялады

Улуттук банк жарыялаган банкноттордун жаңы үлгүлөрү.

Улуттук банк 10-майдан тарта 200, 500 жана 1000 сомдук улуттук валютанын жаңы үлгүлөрүн чыгара турганын билдирди.

Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата чыгарылган банкноттордун жаңы үлгүлөрүндө биринчи чыккан акча бирдигиндеги элементтер жана заманбап коргоо белгилери камтылган.

“Акча бирдигинин мурдагы үлгүсүнө чагылдырылган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастары жана искусство, маданият өкүлдөрүнүн сүрөттөрү ошол бойдон калды. Көлөмү жана негизги түсү да өзгөргөн жок”, - деп айтылат башкы банктын жарыясында.

Кыргыз сому 1993-жылы 1, 10, 50 тыйын жана, 1,5, 10 сомдук банкнот катары чыккан. Кийин улам башка банкноттор кошулуп турган. Буга чейинки банкноттор 2010-жылы жаңыланган.

Учурда Кыргызстанда алты монета жана сегиз кагаз түрүндө чыгарылган банкноттор жүгүртүүдө жүрөт.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров чек ара кагыштарында мерт болгондорду эскерип кайрылуу жолдоду Орусиянын чабуулунан Уманда бери дегенде үч адам мерт болдуЖК: президенттин Оштогу өкүлү кандай жагдайда иштен кеткени айтылдыАКШнын санкцияга байланыштуу өкүлдөрү Кыргызстанга келди