Британ падышасы Ливерпулга барып, Eurovision сынагына даярдыкты көрдү

Британ падышасы Чарльз III Ливерпулга 26-апрелде барды.

Британ падышасы Чарльз III жубайы менен шаршембиде Ливерпуль шаарында Eurovision ыр сынагы өтчү жерге барып, эл аралык таймашты уюштуруу иштери менен таанышты. Алар алып баруучулар менен пикир алмашып, сахнадан туруп, шоуну кооздогон техникалык жасалгаларга күбө болушту.

67-ирет уюштурулуп жаткан иш-чараны британиялык Райн Кларк, украиналык ырчы Юлия Санина актриса Ханна Уоддингем жана шоу-мэн Скотт Миллс алып барат.

Британия быйыл сынакты былтыркы жеңүүчү Украинанын атынан өткөрүүдө.
2022-жылы Италиядагы сынакта украиналык "Калуш Оркестра" тобу “Стефания” деген ыры менен жеңген. Британия экинчи орунду ээлеген.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келатат. 20 жылдан бери ага катышып келаткан Украина 2004 жана 2016-жылдары жеңген. Орусия кошунасына согуш ачканы үчүн былтыр жарыштан четтетилген. Эл аралык сынакта ырчылар баш байге - "Хрустал микрофон" үчүн ат салышат. Быйыл 37 өлкөнүн артисттери күч сынашат.

Быйыл сынактын урааны - “Музыка бириктирет!". Анын эн белгисинде Украинанын желегиндеги көк, сары түстөр чагылдырылган. Сынактын жарым финалдары 9-11-майда, финал 13-майда "Ливерпуль Аренада" өтөт. Бул концерттик залга 7000дей көрөрман батат.

Дагы караңыз

Eurovision сынагынын билеттери 40 мүнөткө жетпей сатылып бүттүEurovision-2022: Сахнадан тынчтыкка чакырыкТажик армиясындагы "чоңсунуу": Ворухта чек ара офицери кармалдыФлай: "Эркин Европа/Азаттык" радиосу соттун "чектен чыккан" чечимине каршы даттанат