Дастан Бекешев "Азаттыктын" иши тууралуу: Чечим мен үчүн жаңылык болгон жок

Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Ленин райондук сотунун "Азаттыкты" жабуу чечимин сындап, бийлик өзү киришкени үчүн ушундай жыйынтык болору күтүлүп жаткан деп эсептейт. Анын оюна караганда, акыркы тенденциялар менен "Азаттыктын" тегерегиндеги окуяларды байланыштырып кароо керек.

"Чечим мен үчүн жаңылык болгон жок. Себеби сентябрь айынын этегинен тарта кысым башталган. Бийлик өзү муну чоң маселе катары көтөргөн жана доомат койгон. Мамлекеттик органдар өз алдынча сотко бербейт эле, демек бул тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Азыр райондук соттун чечимине каршы даттануу болуп, ал барып отуруп Жогорку Сотко жетет. Бирок менимче ушу чечимден айырмаланбаган жыйынтык болушу мүмкүн. Азыркы тенденцияны өзүңөр көрүп тургандай, активисттерге, блогерлерге, журналисттерге, медиаларга, сөз эркиндигине басым болуп атат. "Азаттыктан" башталган маселе башкалары менен бүтөт. Менимче коомчулук муну олуттуу маселе катары карап, көңүл бурбай жатат", - деди Бекешев.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан.

Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты.

"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирген. Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айткан. Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырган.

Доогер тарап – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өз жүйөлөрүн келтирди. Кийинки отурум 27-апрелге дайындалган эле. Лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

"Азаттыктын" адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик бул маселени сайтты бөгөттөөгө чейин тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогондон кийин мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.

Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.