Орусиянын күчтөрү Николаевди аткылаганда бир киши көз жумду

Николаев шаарындагы оорукананын имараты жана анын жанында турган аял. 2022-жылдын апрелинде тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Орус аскерлери бейшембиге караган түнү Украинанын Николаев облусунун админстративдик борборун аткылаганда бир киши набыт болуп, 23ү жараат алды. Жабыркагандардын арасында балдар бар.

Баштапкы маалыматтарга караганда, орусиялык күчтөр "Калибр" үлгүсүндөгү ракетадан атышкан. Алар Кара деңизден учурулганын Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

"Жогорку тактыктагы куралдар турак жайларга, тарыхый имаратка жана көп кабаттуу үйгө багытталган", - деген Зеленский муну "адамзатка каршы кылмыш" деп атады.

Шаар мэри Александр Сенкевич жыл башынан бери Николаев биринчи жолу аткылоого кабылганын айтты. Кичи райондордун бири жарыксыз калды. "РБК Украина" Сенкевичке таянып, аймакта аскерий объектилер жана аскер кызматкерлер жоктугун, алар фронт линиясына кеткенин жазды.

Орусия Николаевге чабуул тууралуу азырынча комментарий бере элек. Адатта Москва жарандык объектилерге сокку урулганын четке кагат.

Ошондой эле 27-апрелде Сумы облусунун Орусияга чектеш аймактары түнү жана эртең менен аткыланганы кабарланды. Соккулар учактардан, минометтордон жана артиллериядан урулган. Жергиликтүү бийлик жалпысынан 52 чабуул болгонун маалымдады.

Харьков облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов орус аскерлери Липцы кыштагын окко тутканын Телеграмга жазды. Жабырлануучулар тууралуу маалымат такталууда.

Дагы караңыз

Күч органдарынын ардагерлери маяна жана турак жай боюнча өкмөткө кайрылды"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы өкмөттү кызматтан кетирүүнү сунуштадыАнкара Эрдогандын саламаттыгына байланыштуу кабарларды четке кактыПрезидент Жапаров Мадумаровду суу тууралуу билдирүүсүнөн улам сындады