Балдары Орусиянын абактарында отурган ата-энелер бийликке кайрылышты

Бишкек. "Эмен" багы. 2023-жылдын 26-апрели.

Бүгүн 26-апрелде Бишкекте уул-кыздары Орусиянын абактарында отурган ондогон ата-эне акция өткөрүп, бийликке кайрылышты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылуусунда алар “маңзат ташыган” деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого көмөк сурашты.

“Балдарыбыздын көбү Орусиянын ар кайсы шаарларында иштеп жүрүп, курьердик кызматтын айынан милициянын колуна түшкөн. Орус полициясы аларды кармап, кийин сот көбүн алты жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыраткан. 3-4 жылдан бери тергөө абактарында, колонияларда жатышат. Экстрадициялоо боюнча бийликке бир нече жолу кайрылганыбыз менен жыйынтык болбой жатат. Украинадагы согушка аларды тартуу аракети болуп жаткандыктан экстрадициялоо шартын жеңилдетип, тездетип берүүсүн кыргыз бийлигинен өтүнөбүз”, - деди уулу Орусиянын абагында жаткан, өзүн Гүлбүбү деп тааныштырган аял.

Ошондой эле алар экстрадицияга уруксат алгандардын чыгымы 180 миң сомго чамалап жатканын, бул өтө чоң сумма экенин белгилешти.

Орусияда курьердик кызматтан маңзат менен кармалып калган кыргызстандык мигранттар соңку жылдары аябай көбөйгөнү, бир үй-бүлөдөн бир нече адам кесилип кетип жатканы буга чейин парламентте айтылган.

Орусия Украинага басып киргенден бери абактагыларды жалданма аскер катары согушка жөнөтүп жатканы белгилүү. Ошентип Украинага барып каза болгондор арасында бир нече кыргызстандык да бар. (KS)

Дагы караңыз

"Уулум согушка кетип калабы деп корком"Украина менен Орусия дагы ондогон туткундарды айырбаштадыБахмут менен Марьинкада кармаш күчөдү Жапаров инвестициялык форумга катышуу үчүн Ташкентке барды