БШК Равшан Жээнбековдун ЖКга талапкерлик боюнча арызын кабыл алды

Равшан Жээнбеков БШК алдында. 2023-жылдын 26-апрели.

Камактагы оппозиционер Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн бүгүн 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документтерин тапшырганын билдирди:

"Бардык документтерим жайында. Эч кандай суроо жаралган жок. Парламентте сөзсүз түрдө оппозиция болушу керек. Оппозициясы жок мамлекет жакшы мамлекет боло албайт".

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандар 26-апрелге карата 34кө жетти. Арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев жана башкалар бар.

Аталган округ боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 27-апрелде аяктайт.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Аталган округ боюнча эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров өткөн айда мушташка байланыштуу мандатын тапшырган. Абиров 31% добуш менен жеңген, андан кийин камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков 10% добуш алып, экинчи орунга чыккан. Жээнбеков азыр Кемпир-Абад маселесине байланыштуу тергөө абагында кармалууда. (RK)

Дагы караңыз

Кофе берип, окурман тарткан китеп дүкөндөр Футбол: Кыргызстан Иран жана Ооганстандын командалары менен беттешет "Сүт согушу": Орусиянын дооматы негизсизби?Mattel компаниясы "Даун синдрому бар" куурчак чыгарды