25-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн кийин куткаруу иштерине жардам берген чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) министрликтин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүнов Түркиянын Мамлекеттик медалын ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакпаев Ардак грамота алганын билдирди.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерине катышып урандылардын арасынан сегиз адамды тирүү куткарып, каза болгон 198 кишинин сөөгүн табышкан.
Түркия менен Сириянын чектеш аймагында 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган.
Расмий Анкара зилзаланын курмандыктары 50 миңден ашканын билдирген. Сирияда 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. (BTo)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйыны болбой калдыЖалал-Абадда Чернобыл апаатынын курмандыктары эскерилдиЖазуучу Бейшенбай Усубалиевдин чыгармалар жыйнагы жарык көрдүБишкекте бомба тууралуу кабардан улам окуучулар кайра эвакуацияланды“Кумтөр Оперейтинг” компаниясынын 100% акциясы мамлекетке өтөтМанасбек Самидинов кайрадан “Манас” аэропортунун жетекчиси болду