Жалал-Абадда Чернобыл апаатынын курмандыктары эскерилди

Жалал-Абадда Чернобыл апаатынын курмандыктары эскерилди. 26-апрель, 2023-жыл.

26-апрелде Жалал-Абад шаарында Чернобыл апаатынын 37 жылдыгы эскерилди. Эскерүүгө мэриянын өкүлдөрү жана апааттын катышуучулары келди.

“Жеңиш” эс алуу багындагы эстеликке гүл коюлуп, куран окулду. Чернобыл апаатына Жалал-Абад шаарынан 120дай адам катышса, азыр алардын 16нын гана көзү тирүү.

СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган. Бул ишкана 2000-жылдын 15-декабрында жабылган.

Станциядагы кырсыктын кесепетин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Алардын жарымы дүйнөдөн өттү. Калгандары айына 7000 сомдон жөлөк пул алышат. (TB)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйыны болбой калдыЖазуучу Бейшенбай Усубалиевдин чыгармалар жыйнагы жарык көрдүБишкекте бомба тууралуу кабардан улам окуучулар кайра эвакуацияланды“Кумтөр Оперейтинг” компаниясынын 100% акциясы мамлекетке өтөтМанасбек Самидинов кайрадан “Манас” аэропортунун жетекчиси болду