Абдукадырдын үй-бүлөсүнө иштеген акча адалдоочу адис жылдар бою ар кандай шылтоо менен алардын шектүү кирешесин чет өлкөгө чыгарып кетип турган. Айрым америкалык банк кызматкерлери каражаттын кайдан келип жатканынан күмөн санаганы менен транзакциялар улана берген.
“2011-2016-жылдары Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык чыгарып кеттим”
37 жаштагы уйгур тектүү Айеркен Саймаитинин агынан жарылган бул сөзүнө бир караганда ишене албай кетесиң. Бирок 2019-жылы ал журналисттер менен жолукканда өз сөзүн далилдөөчү документтерди берген.
Документтер Борбор Азиянын соңку тарыхындагы коррупцияга байланыштуу чуулгандуу окуянын далили болуп калды. Тажрыйбалуу акча адалдоочу жылдар бою Хабибула Абдукадырга иштеп берген. Ал журналисттер менен маегинде Абдукадырды "кыргыз бажысындагы тилектештеринин жардамы менен эбегейсиз кирешеге туйтунган аткезчилик империяны башкарат" деп айыптаган.
Саймаити түрдүү көз боёмочулук ыкмалары менен бул империянын кирешесин чет жакка чыгарууга жардам бергенин айткан. Ал акча Германиядагы Абдукадырга жана анын үй-бүлөсүнө таандык банк эсептеринде сакталган жана Улуу Британияда кыймылсыз мүлккө, Дубайда курулуш долбоорлоруна салынган.
Кыргызстандан ушунча көп арам акчаны чыгарып кетүү саясий жаңжалга жана элдин нааразылыгына жол ачып, акыры бийликтин алмашуусуна алып келген.
Бирок бир суроо жоопсуз калган: Саймаитинин жүз миллиондогон доллары жергиликтүү жана эл аралык банктардан жылдар бою кантип байкалбай өтүп турган?
Кайсы бир деңгээлде бул суроого ачыкка чыгып кеткен маалыматтардан жооп тапса болот. Журналисттердин колуна шектүү транзакциялар (SAR) тууралуу 2 миңден ашуун отчет келип түшкөн. Бул отчетторду америкалык банктар АКШнын Каржы министрлигине жөнөткөн.
OCCRP отчетторду Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жана BuzzFeed News башында турган «FinCEN файлдары» деп аталган биргелешкен иликтөөнүн алкагында алган.
Ачыкка чыгып кеткен маалыматтардын арасындагы беш отчет Саймаитиге жана андан акча алып турган компанияларга байланыштуу шек саноо жаратат. Бул отчетторду “Дойче Банктын” (Deutsche Bank) Америкадагы филиалынын кызматкерлери 2014-жылдын февралынан 2015-жылдын январына чейин жөнөткөн. “Дойче Банк” Саймаитинин кээ бир долларлык транзакциялары үчүн корреспондент-банк болгон.
Корреспондент-банк — ар башка өлкөдөгү бири-бирине акча которгон банктарга ортомчулук кылган финансылык мекеме.
Баяндамаларга ылайык, Саймаити Абдукадырдын компанияларына жана Хабибула Абдукадырдын өзүнө жөнөткөн жүздөгөн акча которуулар “шектүү” деп белгилениптир. Тиешелүү банк кызматкерлери (комплаенс) акча адалдоонун бир нече салттуу белгилерин көрсөтүшкөн: Саймаити ири сумманы доллар түрүндө, көбүнчө эч кандай экономикалык негиздемеси жок жөнөтүп турган. Андан сырткары, анын акча алып жаткан компаниялар менен кандай байланышы бар экенин аныктоо мүмкүн эмес болчу.
Кайсы бир учурда “Дойче Банктын” (Deutsche Bank) кызматкерлери Саймаити эмне менен алектенерин аныктоого аракет кылган. SAR отчетторуна таянсак, алар Саймаитинин акча которууларынын максатын билүү үчүн бир нече жолу кыргыз банктарына кайрылган. Бирок банктардан “Саймаити мыйзамды сыйлаган ишкер, баары жайында” деген мүнөздөгү жооп келип турган. Бери дегенде үч банк “транзакциялар күмөн жаратат деп айтууга эч кандай негиз жок” деген дээрлик окшош жооп жөнөткөн.
Жорж Мейсон университетиндеги Терроризм, трансулуттук кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү борборун жетектеген финансылык кылмыштарды изилдөөчү адис Луиза Шелли “Дойче Банкта” жетиштүү маалымат болгон эмес деп эсептейт.
“Эгер бул өлкөдө болгон окуяларды талдаган каалаган фундаменталдык изилдөөгө, өкмөттө этикалык принциптердин жоктугуна көз жүгүртө турган болсоңор, анда алардын банк мекемелерине үмүт артуунун кереги жок, - деген ал. - Эгер сиздин банк аркылуу бир нече миллион доллар өтүп жатса, анда көз карандысыз эксперттерди жалдаш керек”.
Шеллинин айтымында, мындай учурларда банктар адистердин тобуна таяна алат. “Ал үчүн семинарлар өткөрүлөт, — дейт ал. - Мурда банк кызматкерлери үчүн семинарларды уюштуруп берген компания бар болчу, мурдагы Советтер Союзунан акча кабыл алып жатканда эмнелерге көңүл буруу кажет экени [түшүндүрүлчү]”.
Бирок маселе банктардын өзүндө эле эмес. Шеллинин пикиринде, АКШнын Каржы министрлигине жөнөтүлүп турган күмөндүү транзакциялар тууралуу отчеттор өтө көп болгондуктан анын ар бирине жетиштүү көңүл бурулбай калышы мүмкүн.
“Каржы министрлигинин адистери жана жасалма интеллект ресурстары жетишсиз, — дейт Шелли. — Бардык фрагменттерди топтоп чыгуу үчүн ал жакта маалымат анализи жетиштүү деңгээлде колдонулбайт же маалыматтарды анализдөөнү билген адистер жетишсиз”.
“Дойче Банк” конкреттүү кардарлар тууралуу суроолорго жооп бере албай турганын журналисттерге билдирди. “Банктар шектүү транзакциялар тууралуу отчетторду туруктуу түрдө жөнөтүп турат. Бул - каржы кылмыштарына каршы күрөшүү маселесинде финансылык институттар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы биргелешип иштөө эрежелеринин алкагындагы биздин милдеттенмелерибиздин бири, - деп билдирди банктын өкүлү. - Бул эрежелер юридикалык жактан бул тема тууралуу башка комментарий берүү мүмкүнчүлүгүбүздү чектейт”.
Абдукадырдын үй-бүлөсү Хабибула Абдукадыр колдонот делген электрондук почтага жөнөтүлгөн суроолорду алганын ырасташты. Бирок алар кийинчерээк маалымат бериши мүмкүн экенин айтышты.
"Өтүнүч, түшүндүрүп бергилечи"
Саймаити тууралуу маалыматтардын шектүү мүнөзүн “Дойче Банк” менен орусиялык “Инвестторгбанктын” өз ара кат алышуусу да далилдеп турат. Саймаити “Инвестторгбанктын” Кыргызстандагы туунду компаниясы болгон “Росинбанктын” кызматынан пайдаланчу.
Азыр “Росинбанк” “Керемет Банк” деп өзгөртүлгөн жана учурда “Инвестторгбанкка” таандык эмес.
Маселе Абдукадыр үй-бүлөсүнүн Германиядагы негизги компанияларынын бири — АКА Иммобилиенге (АКА Immobilien) (азыр аталышы AKA Group деп өзгөртүлгөн) тиешелүү.
Саймаитинин кагаздарына ылайык, 2014-жылы ал бул компанияга 40 жолу баш-аягы 17,4 миллион доллар жөнөткөн. Төлөм үчүн түрдүү негиздерди, анын ичинде “карызды кайтаруу” жана “текстиль материалдарын” сатып алуу деген негиздерди ойлоп тапкан жана акыркысында келишимдин номерине да таянган.
Бирок “Дойче Банк” баары бир күмөн санап калган. Жазында банк Саймаити, акчаны алуучу тарап жана операциялардын экономикалык негиздемеси жөнүндө “Инвестторгбанктан” маалымат сураткан.
Бирок кызыктай жооп келген жана ал (комплаенс боюнча) адистердин кооптонууларын жокко чыгарган эмес. “Дойче Банктын” кызматкерлерине Саймаитинин транзакцияларынын негиздемеси “техникалык каталардан…, кардар менен иштеген менежердин жакшы көңүл бурбаганынан улам” туура эмес көрсөтүлгөн деп жооп беришкен.
Чындыгында, банктын билдирүүсүндө айтылгандай, Саймаити АКА Иммобилиенге 15 миллион которгон, анткени Мүнхенден анча алыс эмес жердеги Германиянын Фатерштеттен аймагында супермаркет ачуу үчүн кыймылсыз мүлк сатып алган.
Анда “Дойче Банк” логикалык жактан күтүлгөн суроо узаткан: “Сиздердин банктын буга чейинки жообунда бул кардар кийим-кече жана килем [сыяктуу] текстиль товарларынын дүң соодасы менен алектенет деп айтылган. Анда эмнеге силердин кардар супермаркет үчүн кыймылсыз мүлк сатып алып жатканын түшүндүрүп бергилечи?”.
“Инвестторгбанктан”: «Айеркен Саймаити (жеке ишкер) азыр ишмердигин Кыргыз Республикасында эле эмес, башка өлкөлөрдө дагы кеңейтип жатат. Анын супермаркет сатып алуу боюнча келишими — бул Германияда келечектеги ишкердик активдүүлүгү үчүн салган инвестициясы”, - деп жооп беришкен.
Бул жалган болчу: Саймаити Фатерштеттенде кыймылсыз мүлк сатып алган эмес. Объекттин курулушуна түздөн түз аралашкан жергиликтүү аткаминер ал [Саймаити] жөнүндө эч качан укпаганын айткан.
Фатерштеттендеги кыймылсыз мүлктү ошол эле жылы Абдукадыр үй-бүлөсүнө таандык АКА Иммобилиен компаниясы балким Саймаити жөнөткөн акчага сатып алган болушу мүмкүн. Компаниянын ушул тапта иштебей калган сайтында ошол жер тилкесине байланыштуу пландар жөнүндө маалымат бар. Ага ылайык, 2017-жылдын декабрында ал жерге 220 номерлүү мейманкана куруу каралган.
Абдукадыр үй-бүлөсүнүн айрым башка ишканаларындай эле бул пландар да иш жүзүнө ашкан эмес. 2017-жылы АКА Иммобилиен объектини бавариялык компанияга саткан. Бул компаниянын өкүлү журналисттердин суроолоруна жооп берип, алар бул объектини агенттер аркылуу сатып алышканын, мурдагы менчик ээлери менен сүйлөшпөгөнүн айтышты.
Журналисттердин колуна тийген документтерде “Дойче Банктын” кызматкерлери Саймаитинин банкы жөнөткөн түшүндүрмөгө канааттанганы же канааттанбаганы, анын транзакциялары тууралуу кандай жыйынтыкка келгени көрсөтүлгөн эмес. “Дойче Банктын” бул маселеге байланыштуу өтүнүчүнө жооп берген башка банктарга да - “ЭкоИсламикБанк” менен “Росинбанкка” (азыр “Керемет Банк” деп аталат) - Саймаити туура эмес маалымат бергени, же анын аракети тууралуу бул банктарда толук маалымат болгону же болбогону, же балким алар атайын эле жалган маалымат бергени же бербегени белгисиз.
“Керемет Банк” комментарий берүү тууралуу өтүнүчтөргө жооп берген жок. “ЭкоИсламикБанктын” өкүлү материал жарыяланып жаткан учурда суроолорго жооп берген жок.
Журналисттердин колуна тийген документтерден “Дойче Банктын” (АКА Иммобилиен эсебин сактаган банк) баш кеңсесинде Саймаитинин төлөмдөрү боюнча шек саноо болгону же болбогону түшүнүсүз.
Бирок Саймаити Абдукадырдын компанияларына бери эле дегенде 2017-жылга чейин акча жөнөтүп турганы анык.