Татарскийдин өлүмүнө шек саналган Дарья Трепова камакта калды

Дарья Трепова сот залында.

Москва шаардык соту теракт жасады деп айыпталган Дарья Трепованы камактан күрөөгө бошотуу өтүнүчүн четке какты. Ал Санкт-Петербургдагы кафелердин биринде болгон жардырууга жана блогер Владлен Татарскийдин (Максим Фомин) өлүмүнө байланыштуу камалган.

"Мен болгон ишке өкүнөм. Күн сайын жаракат алгандардын ден соолугу үчүн тиленип турам", - деген Трепова жабык жараянда.

Сотто Трепованын адвокаты камакка алуу чечимин жокко чыгарууну суранды. Бирок бул өтүнүч четке кагылды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Санкт-Петербургда кафедеги жардырууну 26 жаштагы Дарья Трепова жасаган. Алар кафеде Владлен Татарский сүйлөп жатканда жардыргыч зат орнотулган статуэтка салынган кутуну Дарья Трепова алып келген деп эсептейт.

Медиа каражаттары Дарья Трепованын жолдошу Дмитрий Рылов да издөөгө алынганын кабарлашкан. Бирок ал Санкт-Петербургда кафедеги жолугушууга катышкан эмес. Ал жардырууну уюштурууга катышкан деп шек саналууда.

2-апрелдеги жардыруудан каза болгон Владлен Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат.

Орусия бул ишти Украинанын атайын кызматы пландаганын, ага Алексей Навальныйдын фонду менен кызматташкан агенттер катышканын билдирген. Украина мындай айыптоону четке кагып, Санкт-Петербургдагы жардырууну “Орусиядагы ички жаңжалдын бир бөлүгү” деп сыпаттаган.

Дагы караңыз

Тергөө укугу: Эки тизгин, бир чылбыр УКМКга берилеби? Садыр Жапаров жана Дональд Лу Кыргызстан-АКШ кызматташтыгын талкуулаштыКазакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимов 18 жылга кесилди