Садыр Жапаров жана Дональд Лу Кыргызстан-АКШ кызматташтыгын талкуулашты

Садыр Жапаров жана Дональд Лу.

Кыргыз-америкалык кызматташтык маселеси бүгүн 24-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушуусунда талкууланды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Лунун Кыргызстанга сапарын эки өлкөнүн мындан аркы алакасы үчүн жакшы белги деп баалады, жолугушууда ортодогу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашуу болду.

Президент өкмөт башчы Акылбек Жапаров жакында Вашингтонго барып, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жыйындарына катышып келгенин, анда жетишилген макулдашуулар жана “жашыл экономикага” инвестиция тартуу тууралуу пландалган кызматташтык өз мөөнөтүндө ишке ашарына үмүттөнөрүн айтты. Кыргызстан чет өлкөлүк инвестициялар үчүн, алдыңкы технологиялар менен заманбап өндүрүшкө таянып иштеген компаниялар үчүн ачык экенин белгиледи.

Өз кезегинде америкалык дипломат кайрадан иш сапар менен Кыргызстанга келип жатканына абдан кубанычта экенин билдирип, кыргыз бийлиги Сириядан 59 жаранын ийгиликтүү кайтарып алганы үчүн кубанып жатканын айтты жана бул багытта мындан ары да кызматташууга даяр экенин кошумчалады. Ошону менен катар Дональд Лу АКШ Кыргызстан менен экономикалык кызматташтыкты, санарип экономиканы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, башка да багыттар боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууга даярдык бардыгын айтты.

Лу 22-27-апрель күндөрү иш сапар менен Кыргызстанда жана Тажикстанда болору кабарланган.

Бүгүн ал ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен да жолукту.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар экенин 19-январда министр Кулубаев билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Казакстанда иш жуманын төрт күндүк түрүнө да уруксат берилмей болдуБоомдо таш кулатуу иштеринен улам жол маал-маалы менен жабылат "Кооптуу жерде жашоого аргасызбыз". Көп балалуу бүлөнүн суранычы Былтыр Кыргызстанда 220 миң өзбек жараны убактылуу каттоого турган