Боомдо таш кулатуу иштеринен улам жол маал-маалы менен жабылат

Боом капчыгайы, иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 24-апрелде Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери башталганын билдирди. Ага ылайык, бул иштер 28-апрелге чейин уланат жана маал-маалы машиналардын каттамына чектөө киргизилип турат.

"Күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаа кыймылы маал-маалы чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүүдө. 30-40тан ашык машина топтолгондо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилип жатат. Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалууда", -деп жазылган маалыматта.

Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштырган негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгайы аркылуу өтөт.

Дагы караңыз

Азербайжан Лачин коридоруна көзөмөл-өткөрмө бекет орнотту Июнь коогасы: Милиция издөөдөгү Карамат Абдуллаева кармалганын билдирдиКыргыз өкмөт өкүлдөрү сүт тууралуу сүйлөшүү үчүн Москвага барды Былтыр Кыргызстанда 220 миң өзбек жараны убактылуу каттоого турган УКМК Ленин райондук соттун судьясына кылмыш ишин козгоду Бишкек жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин көмүрүн жагуу азаят