Футбол: Кыргызстандын курама командасын Штефан Таркович машыктырат

Штефан Таркович

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп словакиялык Штефан Таркович дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги билдирди.

24-апрелде Кыргыз футбол бирлигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда башкы машыктыруучулукка сунушталган 30 талапкердин ичинен Штефан Таркович тандалган.

50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама командасы 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чыккан.

2013-жылдан 2020-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы болуп келген.

Кыргызстандын "Ак Шумкар" командасын буга чейин машыктырган Александр Крестинин 3-апрелде кызматынан кеткен. Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медер Сыдыков “Азаттык” радиосуна улуттук курама командасына башкы машыктыруучу чет өлкөдөн изделип жатканын билдирген. (GT)

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстан машыктыруучуну четтен издейтКыргыз футболун өзгөрткөн КрестининФутбол: Крестинин боюнча чечим тандоо оюндарына жараша кабыл алынатФутбол бирлигинин президенти болуп Медер Сыдыков шайландыСыдыков: Футбол боюнча курамага сырттан машыктыруучу издеп жатабыз