Казакстанда иш жуманын төрт күндүк түрүнө да уруксат берилмей болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл июль айынан тартып Казакстанда иш жуманын төрт күндүк түрү пайда болорун «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди.

Өлкөнүн Эмгек кодексине 1-июлдан тартып киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, беш жана алты күндүк иш жумалары менен катар төрт күндүк иш жумасына да кезек берип туруу каралат.

Анын тартибин, кезегин жана кайсы күндөр дем алыш болорун жумуш берүүчү менен кызматкер эмгек келишимине жазып, өзүнчө аныктап алса болот.

Маалыматта айтылгандай, мындай тартип эмгек тармагын жөнгө салуучу эл аралык стандарттарга жооп берет жана ошондой ыкма менен иштеп жаткан компаниялар Казакстанда азыр да бар.

Иш жуманын бардык түрлөрүндө жекшемби дем алыш күн деп эсептелет.

Дагы караңыз

Боомдо таш кулатуу иштеринен улам жол маал-маалы менен жабылат Былтыр Кыргызстанда 220 миң өзбек жараны убактылуу каттоого турган Өзбекстан: Айт намазы референдум боюнча үгүткө айланды