Оштогу Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Театрды оңдоп түзөөгө каражатты коңшу Өзбекстан тарап каржылаган. 24-апрелдеги ачылуу аземине Кыргызстандын министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов, Өзбекстан республикасынан маданият жана туризм министри Озадбек Назарбеков катышты.
Театрды реконструкциялоо иши 2021-жылы сентябрь айында башталган. Ош шаардык мэриясы оңдоп-түзөө иштерин Өзбекстан моюнга алганын жана 5 миллион долларлык каражат сарпталарын кабарлаган.
Театрдын имаратын Өзбекстан бөлүп бере турган каражатка толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Ташкентке сапары учурунда кабыл алынган.
Эки өлкө ортосундагы бул макулдашуу 2022-жылы 12-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралып, жактырылган.
Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган. (Dsh)
Дагы караңыз
Аба ырайы: жаан жаайтУкраин армиясы Бахмуттагы позицияларын сактап туратЕвропа өнүктүрүү банкы Бизнес-акыйкатчы институтун каржылоону токтототМинистр Кулубаев Дональд Луну кабыл алды УКМК Ленин райондук соттун судьясына кылмыш ишин козгоду АКШнын мамкатчысынын орун басары Дональд Лу Кыргызстанга келди