Leopard танктары Испаниянын портунан Украинага жиберилди

Украинага аскердик техника жөнөтүү учуру. Сантандер порту.

Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер портунан Украинага алты Leopard 2A4 танкы жана 20 M114 бронетранспортер 21-апрелде жөнөтүлдү.

Reuters агенттиги Leopard танктары жана чопкутталган техника Нидерланддын Bore Wave кемесине жүктөлүп жаткан сүрөттөрдү жарыялады.

Маалыматка караганда, кеме Польшага аскердик техниканы жеткирип, ал жерден Украинага өткөрүлөт.

Коргоо министри Маргарита Роблес ушул айдын башында Испания Украинага жалпысынан он даана Leopard 2A4 танкын жөнөтөрүн айткан.

Украиналык адистер Испаниянын түндүк-чыгышындагы Сарагоса шаарындагы аскердик базада техниканы башкарууну үйрөнүштү.

НАТОнун башка өлкөлөрү, анын ичинде Германия, Польша жана Португалия Украинага жалпысынан 48 Leopard 2 танкын жөнөтүүнү убада кылган.

Дагы караңыз

"Тыңчыларды азайтуу керек". Германия орусиялык дипломаттарды чыгарды Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салды. Себеби эмнеде? Кытайдын Франциядагы элчисинин билдирүүсү нааразылык жаратты