ИИМ: кылмыштуу топтор ишкерлерге басым кылган фактылар 90% азайды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерлерге басым кылып каражат талап кылган фактылар 90% чейин азайганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында айтты.

Парламенттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөдө кылмыштуу топтордун өкүлдөрү бизнесмендерди уруп-сабап акча талап кылган окуялар бар экенин айтып, министрликти ишкерлерди коргоого чакырды.

“Экономиканын кыймылдаткыч күчү - ишкерлер. Аларды мамлекет салык менен кысса, ары жактан текшерүүчүлөр эзип атса, дагы бир жеринен кылмыш дүйнөсү кармап алып кыйнап атса кандай болот? Аларга кепилдиктер барбы?”.

Былтыр декабрь айында кылмыштуу топтун мүчөлөрү Нарын облусунун Кочкор районунда кафелердин биринде эсепти төлөөдөн баш тартып, анын ээсинен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылган окуя болгон. Эгер айткандары аткарылбаса, “имаратты өрттөп кетебиз” деп коркутушкан. Бул окуядан кийин облустук милициянын жетекчиси, райондук милициянын кызматкерлери жумуштан алынган.

Кыргызстанда ишкерлер кылмыштуу топтордун басым-кысымына кабылганына арызданган учурлар буга чейин да болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Путиндин басма сөз катчысы Песковдун уулу Украинада согушка катышканын айттыАба ырайы: күн ысык болотБишкектеги жол кырсыгы: реанимациядагы бала эсине келе элекЖусупов: Сүттү ташууга салынган тыюу боюнча Орусиядан кат келе элекАлайкууда таш кулап жабылган жол бир тараптуу ачылдыЧүй облусунда эки заводдун курулушу башталды