Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 24-апрелде күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.
Дагы караңыз
Бишкектеги жол кырсыгы: реанимациядагы бала эсине келе элекЖусупов: Сүттү ташууга салынган тыюу боюнча Орусиядан кат келе элекАлайкууда таш кулап жабылган жол бир тараптуу ачылдыЧүй облусунда эки заводдун курулушу башталдыСултанбаев чек арада кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди