Алайкууда таш кулап жабылган жол бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун таш кулаган жери.

22-апрелдин түнү Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 82-чакырымында таш кулап, жолду бөгөп калган. Анын кесепетинен районго баруучу жол дээрлик бир күн жабылган. Кулаган таштын болжолдуу көлөмү 6 миң куб экени айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандар жок экенин билдирди. Кулаган таштардан жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлүп, 2800 турак жай жарыксыз калган. 23-апрелге карата элге жарык берилгени кабарланды.

Жолду тазалоо иштерине эки автоунаа тартылган. 22- апрель күнү кечке маал төрт айыл өкмөт менен районду бириктирген жолдун бир тарабы ачылганын президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Нурильич Токтонбаев “Азаттыка” билдирген. (Dsh)

Дагы караңыз

Чүй облусунда эки заводдун курулушу башталдыСултанбаев чек арада кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө бердиБритания Кара-Мурзанын сот өкүмүнөн кийин беш орусиялыкка санкция салдыКрымдын чыгышындагы Ленин районунда жарылуулардын үнү угулдуТИМ кыргызстандыктарды Суданга барбай турууга чакырдыБашкы прокуратурадан тергөөнү алуу долбоору талкууга коюлду