Чүй облусунда эки заводдун курулушу башталды

Акылбек Жапаров Чүй облусунда эки заводдун курулушуна капсула салды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында түтүк (труба), шифер чыгарган “Кант ТШИ” заводунун жаңы имаратынын жана ушул эле райондун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, эми “Кант ТШИ” автоклавдык газ бетон да өндүрөт. Долбоордун суммасы 12,1 млн. доллар. Анын 8,5 млн. долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Заводдо 120 жумуш орду ачылып, жылына 100 млн. сомдон ашык салык төлөй турганы айтылды.

“Асыл-Таш” керамика заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш оруну менен камсыз болот. Жумушчулардын 70-80% жергиликтүү тургундардан алынат. Долбоордун суммасы 34,6 млн. долларды түзсө, анын 25 млн. долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду берет.

Акылбек Жапаров, завод-фабрикалар менен ишканалар бардык техникалык, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен курулуп, иштетилиши керектигин айтты. (BTo)

Дагы караңыз

Султанбаев чек арада кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө бердиБритания Кара-Мурзанын сот өкүмүнөн кийин беш орусиялыкка санкция салдыКрымдын чыгышындагы Ленин районунда жарылуулардын үнү угулдуТИМ кыргызстандыктарды Суданга барбай турууга чакырдыБашкы прокуратурадан тергөөнү алуу долбоору талкууга коюлду