Орусиянын армиясы Киевге “Шахед” дрондору менен чабуул жасады

21-апрель күнү эртең менен Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Киевден Иранда жасалган сегиз “Шахед” дронун атып түшүрүшкөнүн билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, борбор калаага болгон кол салуудан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Бул соңку бир айдан бери Киевге жасалган алгачкы чабуул болуп калды. Киев бийлиги шаарга чабуулдардын кайра жанданышын орус аскерлери ирандык учкучсуз учактардын жаңы партиясын алганы менен байланыштырды.

Ал эми Полтава облусунда учкучсуз учактын соккусунун натыйжасында жарандык инфраструктуралык объект талкаланганын облус жетекчилиги кабарлады.

Украинанын коргоо министрлигинин маалыматында, 21-апрелге караган түнү орус күчтөрү 12 дрон учурганы, анын сегизи жок кылынганы айтылат.

Дагы караңыз

Президенттик аппаратта прокуратура, сотту тескеген бөлүм башчы алмашты Бишкектеги жол кырсыгынан жабыркаган балдардын саны 24кө жеттиБлогер Ырыс Жекшеналиевдин соту 15-майга белгилендиОрусия Кыргызстандан сүт азыктарын алууга тыюу салды