Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө

Бишкектеги айт намазы. 21-апрель, 2023-жыл

Бүгүн 21-апреде Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Өлкөдөгү бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду. Мусулмандар эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилери да катышты.

Анын алдында президенттин расмий сайтында Садыр Жапаровдун Орозо айтка карата куттуктоосу жарыяланган. Анда президент мусулмандарды майрамы менен куттуктап, өлкөгө береке, тынчтык жана өнүгүү, ал эми кыргызстандыктарга сабырдуулук, биримдик, бейпилдик калаарын билдирген.

Орозо айт-мусулмандардын маанилүү майрамдарынын бири. Ал 30 күндүк орозодон соң белгиленет.

Бул күнгө карата өлкөнүн Ички иштер министрлиги бүгүн коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тогуз миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирген.

Дагы караңыз

Белгороддо орус учагынан авиабомба кулап, эки адам жабыркадыАКШ элчилиги кыргызстандык жети кишиге “Манас-Вашингтон” сыйлыгын тапшырдыМас абалда автоунаа айдаган судья кызматтан алындыЙенс Столтенберг: Украинанын келечеги НАТОдо BIRTOPS “Киргизия” деген сөздү “Кыргызстан” деп оңдогон кеңейтме иштеп чыкты