Өзбекстандын Жогорку Соту совет доорунда репрессияга кабылган 208 кишини актады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар Фергана, Кашкадарыя жана Самарканд облустарында жашашкан.
2022-жылы декабрда бул өлкөдө СССР учурунда репрессияга кабылган 173 адам акталган.
1937-1953-жылдары өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн 100 миңден ашык өзбек репрессияланганы айтылып келет. Алардын ичинен 13миңден ашууну атууга кетип, миңдеген адам сүргүнгө айдалган.
2021-жылдын 31-августунда Шавкат Мирзиёев өзбек элинин мыкты өкүлдөрү советтик репрессиялардын курмандыгы болгонун айткан.
Дагы караңыз
Орусиянын чабуулунан Донецк облусунда бир адам каза болдуЧүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калдыНАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага барды