Орусиялык белгилүү юрист ар кайсы мезгилдерде оппозициячыл маанайдагы Владимир Кара-Мурза, Илья Яшин, маркум Борис Немцовдун таламын талашкан адвокат Вадим Прохоров өлкөдөн чыгып кетти.
Ал бийлик өзүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутушканын "Америка добушу" радиосуна берген маегинде билдирди.
Прохоров Кара-Мурзага сот өкүмү чыгардан бир канча күн мурун мамлекеттен кеткен. Өзүнүн дарегине саясатчылардан, судья, прокурордон коркутуу болгонун белгиледи. Маек Вашингтондогу студияда жаздырылган.
Вадим Прохоров адвокаттык кылган саясатчы, журналист Владимир Кара-Мурзаны 17-апрелде сот 25 жылга эркинен ажыраткан.
Ага "мамлекетке чыккынчылык кылган, орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген өңдүү бир катар айып коюлган. 10-апрелде Кара-Мурза сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө өзүнө тагылган күнөөнү моюнуна алган эмес жана ишмердиги менен сыймыктанарын айткан.
Дагы караңыз
"Вагнердин" көрүстөнү: Орусия абактарынан дайынсыз болгондорДепутат Мажитова Кыргызстанда кара паранжа кийгендер боюнча маселе көтөрдү Бишкектеги жол кырсыгында кеминде 16 киши жабыркады