Аба ырайы: ашууларда көчкү коркунучу бар

Төө-Ашуу

Шашылыш билдирүү!

21-24-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

21-апрелге караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 15…17 градус жогору болот.

Дагы караңыз

Бишкекте перс каллиграфиясы боюнча көргөзмө өтүүдөПрезиденттин маалымат катчысы Абдрахматованын билдирүүсүн сындадыДепутат Мажитова Кыргызстанда кара паранжа кийгендер боюнча маселе көтөрдү Кадырбеков кылмыштуулук көбөйгөн жагдайды талдоону сунуштады