Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам экинчи окууда кабыл алынды. Анда кыргыз тилин, аны колдонууну өнүктүрүү, латин арибине өтүү маселесине талкуу болду. Айрым депутаттар долбоор чала жазылганын, кээ бир жоболорун ишке ашыруу мүмкүн эместигин билдиришти.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латин арибине өтүүгө даярдык бар экенин айтты.
"Латын арибине өтүү аракети 1993-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде вице-прмеьерлердин катышуусунда меморандумга кол коюлган. Биз дагы кол койгонбуз, ал кезде Абдыганы Эркебаев вице-премьер болчу. Тилекке каршы, андан бери саясий чечим кабыл алынган жок. Эгерде Жогорку Кеңеш, президент өзү баш болуп саясий чечимдер кабыл алынса биздин окумуштуулар латин графикасына өткөнгө даяр эле. Бир нече варианттар жасалып жатат",-деди Осмоналиев.
2020-жылы күзүндө Кыргызстанда 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы бекитилген. Аны ишке ашыруучу каражат 237 550 000 сомду түзгөн. Анын ичинде 2022-жылга - 86 575 000 сом, 2023-жылга - 71 425 000 сом, 2024-жылга - 41 025 000 сом, 2025-жылга - 38 525 000 сом каралганы Юстиция министрлигинин сайтына жазылган.
1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган жана ошондон бери бул күнү Кыргыз тил майрамы белгиленет. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көйгөйлөр бар экенин бийлик башындагылар да четке кагышпайт, бул маселе парламентте да маал-маалы менен көтөрүлүп турат.