Бээжиндеги ооруканада чыккан өрттө каза тапкандар 29 кишиге жетти

Өрт каптаган оорукана. Бээжин, 19-апрель 2023-жыл

Кытайдын баш калаасындагы ооруканада чыккан өрттө каза тапкандардын саны 29га жетти, ондогон киши жаракат алды. Расмий маалыматка ылайык, Фентай районундагы Чанфэн ооруканасындагы өрт шейшембиде жергиликтүү саат 13тө тутанып, жарым сааттан кийин өчүрүлгөн. Маркумдардын 16сы аял, 13ү эркек, арасында бир медайым, бир бейтаптын тууганы бар. Имараттан 140 киши эвакуацияланды. Кээ бир бейтаптар терезеден секирүүгө аргасыз болгон.

АФП агенттиги кырсыкка байланыштуу оорукананын директору баш болгон 12 киши кармалганын кабарлады. Алардын катарында имаратты оңдоп түзөө иштерин аткарган компаниянын өкүлдөрү бар.

Алдын ала иликтөө өрт "оорукананын стационардык бөлүмүнүн ички ремонту жана курулушу учурунда чыккан учкундан" тутанганын аныктады.

Борбордук жетекчилик окуянын себебин тезирек тактоого, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Кытайда коопсуздук нормаларынын бузулушунан өрт чыккан учурлар көп катталат.

2002-жылы интернет кафедеги кырсык 25 студенттин өмүрүн алган. Былтыр ноябрда Шинжаңдагы өрттөн 10 киши каза тапканда Covid-19 илдетине байланышкан карантинге каршы нааразылык акциялары тутанган.

Ошол эле айда Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү заводдо чыккан өрттөн 38 адам набыт болуп, бийлик жумушчуларды мыйзамсыз ширетүү иштерин аткарганы үчүн күнөөлөгөн.

Дагы караңыз

"Жергиликтүү бийликке көп укук берилсе, туруктуу өнүгүү болот" Афтандил Жоробеков: Мени сынга чыдабай камашканОрусияда абакта жаткан Азимовдордун ата-энеси бийликтен жардам күтөтКемпир-Абад иши: камакта калгандардын сыны, бийликтин жүйөсү